Ысык-Атадагы балыктардын массалык өлүшүнө суудагы булганыш себеп болду
Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, 13-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Киров айылындагы “Новое озеро” балык чарба көлмөсүндө балыктардын массалык өлүшү катталды.
Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясынын анализдери суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөрдү аныктады. Бул төмөнкү көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн:
Кычкылтек жетишсиздиги — бактериялар жана органикалык калдыктар суудагы кычкылтекти азайтат, гипоксияга себеп болот.
Метаболизмдин бузулушу — аммиактын жогору деңгээли балыктардын жабрларына жана ички органдарына терс таасир берет.
Экологиялык тең салмактын бузулушу — суунун микрофлорасы жана азык чынжыр бузулуп, балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү катталат.
Жыйынтыгында суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербейт жана бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат.