Бишкекте ресторандын токтоочу жайында мушташ чыккан
21.08.25 | 10:20
Бүгүн, 21-августта социалдык тармактарды мониторинг кылуу маалында Бишкектеги Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин унаа токтотуучу жайында мушташ болгону аныкталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБи кабарлады.
Окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, милиция кызматкерлери 1991-жылы туулган Ж.Ж., 1991-жылы туулган З.А., 1993-жылы туулган К.К., 1992-жылы туулган С.Б. жана 1992-жылы туулган К.Э. аттуу жарандарды кармашкан.
Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: