Форум учурунда Айгүл Жапарова жана Саида Мирзиёева кыргызстандык ишкер айымдардын эмгектери менен таанышышты
«Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды.
Министрдин айтымында, көргөзмөнүн максаты — улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлеринин мыкты эмгектерин коомчулукка сунуштап, салт менен заманбап тенденцияны айкалыштырган аянтча түзүү.
Иш-чарага 13 компания катышып, кыргыз салтынын байлыгын жана кол өнөрчүлүктөгү жаңы ыкмаларды айкалыштырган эмгектерди сунуштады. Мисалы, «Супара-Шоро» конокторду боз үйлөрү бар кыргыз айылынын атмосферасына алып барса, «Шоро» компаниясы арпа талканынан, балдан жана жаңгактан жасалган улуттук таттууларды таанытты.
Форум Кыргызстан менен Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн бириктирип, аялдардын лидерлигинин экономика, санарип технологиялар, экология, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы маанисин талкуулоого арналды.