Жарнама

Ошто Сары мазардагы Алымбек жана Курманжан датканын күмбөзү оңдоп-түзөөдөн өтөт

26.08.25 | 10:47
Ошто Сары мазардагы Алымбек жана Курманжан датканын күмбөзү оңдоп-түзөөдөн өтөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары мазар көрүстөнүндө Алымбек жана Курманжан датканын күмбөзү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда облус өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Элчибек Жантаев Датка айыл аймагына барып, куран окуп, дуба кылды. Ал жергиликтүү бийликке көрүстөндүн кире беришин ирээтке келтирүү, оңдоп-түзөө жана жаңы арка куруу боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, 11-12-сентябрда Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленет. Зыяратчылардын көбөйүшү күтүлүп жаткандыктан, инфраструктураны жакшыртуу тарыхый мурастарды урматтоонун маанилүү кадамы катары каралууда.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча