Ошто Сары мазардагы Алымбек жана Курманжан датканын күмбөзү оңдоп-түзөөдөн өтөт
26.08.25 | 10:47
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары мазар көрүстөнүндө Алымбек жана Курманжан датканын күмбөзү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда облус өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Элчибек Жантаев Датка айыл аймагына барып, куран окуп, дуба кылды. Ал жергиликтүү бийликке көрүстөндүн кире беришин ирээтке келтирүү, оңдоп-түзөө жана жаңы арка куруу боюнча тапшырма берди.
Эскерте кетсек, 11-12-сентябрда Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленет. Зыяратчылардын көбөйүшү күтүлүп жаткандыктан, инфраструктураны жакшыртуу тарыхый мурастарды урматтоонун маанилүү кадамы катары каралууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: