Жарнама

Агартуу министрлиги: кошумча китеп сатып алуунун зарылдыгы жок

27.08.25 | 11:20
Агартуу министрлиги: кошумча китеп сатып алуунун зарылдыгы жок КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептери мектептерге толук жеткирилгенче ата-энелерди кошумча китеп сатып албоого чакырды. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азырынча окуучулар менен мугалимдер китептердин электрондук версиясын https://kitep.edu.gov.kg/ru сайтынан акысыз көчүрүп алса же онлайн окуса болот.

“Учкун” ишканасы менен министрликтин адистери күнү-түнү иштеп жатат. Китептер жакынкы арада мектептерге жеткирилет. Ошого чейин балдар электрондук вариантын колдонуп турса болот, — деди Жусупбекова.

Ал эми “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн окуу китептери толук басылып чыгарыларын кошумчалады.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча