Беловодское–Төлөк жолуна асфальт төшөө иштери башталды
28.08.25 | 11:11
Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское–Төлөк жолуна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жумуштар министрликке караштуу №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Маалыматка ылайык, быйыл мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен жалпы 10 чакырымдык аралыктын асфальтталышы пландалган. Курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына жана белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Буга чейин аталган жолдун титулдук тизмеге киргизилген 3 чакырымына асфальт төшөлүп, жумуштар толук аяктаган.
Редактор
Редактор
Поделиться: