Жарнама

Алайда ИИМ кызматкерлери менен Кытай жарандарынын ортосунда чыр чыкты, асманга ок атылды

01.09.25 | 13:16
Алайда ИИМ кызматкерлери менен Кытай жарандарынын ортосунда чыр чыкты, асманга ок атылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында жайгашкан унаа токтотуучу жайда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт кызматкерлери менен Кытайдын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 31-август күнү катталып, ошол күнү милицияга күзөт кызматкери асманга үч жолу ок чыгарганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя тергөөгө чейинки текшерүүгө алынып, тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, Түштүк-чыгыш күзөт кызматынын кызматкерлери унаа токтотуучу жайда токтоп турган Кытай жүк ташуучу унааларынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда пикир келишпестик чыгып, чырдашып кетишкен. Натыйжада күзөт кызматкерлери эскертүү катары табелдик курал менен асманга үч жолу ок чыгарган.

Окуяга байланыштуу Кытайдын 9 жараны жана күзөт кызматынан 2 кызматкер суракка алынып, алардын ичинен 6 кытай жараны мас абалда болгону аныкталды.

Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуя боюнча текшерүү иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча