Жер бетинде күчтүү магниттик бороондор башталды
Жер бетинде күчтүү магниттик бороондор башталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясына караштуу Космос изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясы Telegram каналы аркылуу маалымдаганын РИА Новости жазып чыкты. Аталган булактын билдиришинче, глобалдык станциялардан алынган маалыматтарга ылайык, учурда геомагниттик активдүүлүк жогорулаган жана G2-G3 деңгээлиндеги бороон белгилери байкалууда.
Мындай абал негизинен Күндөгү активдүүлүк менен байланыштуу. Буга чейин Күндөн эки ири плазма булуту бөлүнүп чыгып, алардын бири түз эле Жерди көздөй багыт алган. Ушул экинчи булут геомагниттик бороонду жаратканы айтылууда. Жаратылыштагы мындай көрүнүш энергетикалык системаларга, байланыш каражаттарына жана навигациялык жабдууларга терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, канаттуулардын жана жапайы жаныбарлардын багыт алуу жөндөмүнө тоскоолдук жаратышы ыктымал.
Илимий лаборатория азырынча бул бороондордун адамдардын ден соолугуна түздөн-түз таасири тууралуу так жыйынтык бере элек. Ошентсе да, адистер жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан жарандарга өз ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштап жатышат.