Бишкекте Лев Толстой көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 4 каттам убактылуу өзгөрдү
02.09.25 | 17:32
Бүгүн, 2-сентябрдан тарта Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, шаар ичиндеги 4 автобустук каттамдын багыты убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Жабылган тилкелер:
- Асаналиев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки бөлүк;
- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүк.
Мэрия жүргүнчүлөрдү түзүлгөн убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууга үндөдү.
Редактор
Редактор
Поделиться: