Жарнама

КГК Мүдүрлөр кеңешинин көчмө жыйыны өттү (фото)

09.09.25 | 10:22
КГК Мүдүрлөр кеңешинин көчмө жыйыны өттү (фото) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңеши кезектеги көчмө жыйынынын алкагында Балыкчы өткөөл базасына жана Кумтөр кен жайына барышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Мүдүрлөр кеңеши Балыкчы өткөөл базасындагы модернизациялык иштер менен жеринен таанышты.

Белгилей кетсек, Балыкчы өткөөл базасында 2025-жылы жаңы май сактоочу резервуарлар салынып, дизель майынын стратегиялык запасын сактоо мүмкүнчүлүгү эки эсеге көбөйтүлдү. Ошондой эле, жаңы асфальт жана тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулду, базага жанаша жайгашкан аймак көрктөндүрүлдү. Кызматкерлердин, анын ичинде Кумтөр кен жайына ар кандай жүктөрдү жеткирүүчү айдоочулардын эмгек жана эс алуу шарттары жакшыртылды.

Мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү көчмө жыйынды андан ары Кумтөр кен жайында улантышты. Кен жайдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен учурдагы абал жана буга чейин коюлган милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтары угулуп, ишкананын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары каралды. Ошондой эле орто мөөнөттүү пландар жана милдеттер талкууланды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча