Жарнама

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери активдүү жүрүүдө

05.09.25 | 16:23
Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери активдүү жүрүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда активдүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк маалымдады.

Лейлек району боюнча иштер Жаңы-Жер айыл аймагында жана Катта-Туз жерлигинде уланууда. Иш-чаралар облус башчысы Айбек Шаменовдун жетекчилиги алдында жергиликтүү бийликтин көмөгү менен жүрүүдө.

Жергиликтүү тургундарга зым тартуу, турак жай жана чарбалык объекттерди тазалоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 105 объект тазаланып, зым орнотууга даярдалды. Жарандар зымдардын турак жай жана талаалар аркылуу өтүшүнө түшүнүү менен мамиле кылышууда.

Бүгүнкү күндө Лейлек районунун 16 чакырым чек ара тилкесине зым тартылып, 42 чакырым жол курулган. Курулуш материалдары чек ара тилкелерине жеткирилип, даярдык иштери УКМКнын Чек ара кызматы жана башка аскердик түзүмдөр тарабынан жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча