Жарнама

Россия менен Түндүк Кореяны бириктирген жаңы көпүрө 2026-жылы пайдаланууга берилет

05.09.25 | 17:20
Россия менен Түндүк Кореяны бириктирген жаңы көпүрө 2026-жылы пайдаланууга берилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Россия Түндүк Корея менен чек арадагы Туманная дарыясы аркылуу өтүүчү жаңы автомобиль көпүрөсүн курууну пландап жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирген.

Аталган көпүрө учурдагы «Достук көпүрөсүнө» (темир жол каттамы) жакын жайгашып, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө багытталат. Курулуш боюнча макулдашууга 2024-жылдын июнунда эки мамлекеттин өкмөттөрү кол койгон.

Президент Путин белгилегендей, жаңы көпүрө 2026-жылы колдонууга берилет. Ошондой эле ал түз аба каттамдарын өнүктүрүү Москва менен Пхеньяндын кызматташтыгын дагы бекемдей турганын кошумчалады.

Эске салсак, июлдун аягында Москвадан Пхеньянга биринчи түз аба каттамы аткарылган. Учурда эки өлкө ортосундагы жалгыз кургактагы байланыш «Мост Дружбы» темир жол көпүрөсү аркылуу камсыздалууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча