Трамп: "Газа боюнча келишим жакында жетишилиши мүмкүн"
АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалды чечүү боюнча келишим жакын арада кабыл алынат деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу ал Эндрюс аскердик базасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Менимче, биз Газа боюнча жакын арада макулдашууга жетишебиз", — деди Трамп. Анын айтымында, Газадагы кырдаал — бул Жакынкы Чыгыш, Израиль жана бүт дүйнө үчүн чоң көйгөй, жана аны чечүү зарыл.
"Биз барымтадагыларды кайтарууга, жаңжалга чекит коюуга аракет кылып жатабыз. Абдан жакшы талкуулар болду. Бул тууралуу жакында угасыңар", — деп кошумчалады АКШ лидери.
Ошону менен катар Трамп барымтадагылардын арасында аман калгандар да, каза болгондор да бар экенин айтып, алардын сандары болжол менен 220 адам жана 38дей маркум болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин ХАМАС кыймылы ок атышууну токтотууга жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирген.