Непалдагы тополоңдо 30 адам каза болду, миңден ашыгы жаракат алды
Непалда социалдык тармактарга коюлган чектөөлөрдөн кийин тутанган массалык нааразылык акциялары күчөп, натыйжада 30 адам каза болуп, 1 033 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Непалдын Саламаттык сактоо жана калкты жайгаштыруу министрлигине шилтеме берип жазышты.
Белгилүү болгондой, митингдердин алгачкы себептери — өкмөттүн ири социалдык тармактарга тыюу салуусу болгон. Чектөөлөргө жооп кылып, миңдеген адам өлкө боюнча көчөлөргө чыгып, өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.
Кызыгы, нааразылык күчөгөндөн кийин өкмөт тыюуну алып салуу чечимин кабыл алганы менен, демонстрациялар токтогон жок. Демонстранттар премьер-министр Шарма Олинин кызматтан кетишин талап кылышты. Акырында алар анын жеке резиденциясын өрттөп, парламент имаратына жана “Непал Конгрессинин” кеңсесине бастырып киришкен.
Премьер-министр Оли отставкага арыз берип, өкмөт мүчөлөрү тик учак менен эвакуацияланышты. Учурда Непалдын куралдуу күчтөрү Катманду жана башка шаарларда тартипти камсыздоону өз колуна алган.
Окуя өлкөдө саясий жана социалдык чыңалуунун жаңы фазасына алып келди.