"Ысык-Ата" санаторийинде кызды туулган күнүндө сабап салган жигит кармалды
12.09.25 | 09:12
Чүй облусундагы "Ысык-Ата" санаторийинде 26 жаштагы кызды туулган күнүндө сабап салган деген шек менен 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2024-жылдын 18-августунда саат 20:35 чамасында болгон. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын негизинде тергөө иштери башталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү") боюнча катталып, кылмыш иши козголду.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: