Жарнама

Орусия түн ичинде 221 украин дронун атып түшүрдү

12.09.25 | 16:03
Орусия түн ичинде 221 украин дронун атып түшүрдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкө аймагына жасалган массалык дрон чабуулу тууралуу маалымат берди. Ведомствонун маалыматына ылайык, украин тарапка таандык делген 221 учкучсуз учуучу аппарат (дрон) ар кайсы аймактарда атып түшүрүлдү.

Маалыматка ылайык, эң көп дрон Брянск облусунда – 85, ал эми Смоленск облусунда – 44 дрон жок кылынган. Ошондой эле:

- Ленинград облусунда – 28,  

- Калугада – 18,  

- Новгород облусунда – 14,  

- Орёл жана Москва облустарында – 9,  

- Белгород облусунда – 7,  

- Ростов жана Тверь облустарында – 3,  

- Псков, Тула жана Курск облустарында – 1 дрон атып түшүрүлгөн.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз дрон чабуулу учурунда адамдар жабыркабаганын билдирди. Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин да түнкү чабуулду тастыктап, аймакта 43 дрон атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, кол салуу олуттуу кыйроолорго же адам өлүмүнө алып келген эмес.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча