Жарнама

Польша Беларус менен чек арасын толугу менен жапты

12.09.25 | 16:52
Польша Беларус менен чек арасын толугу менен жапты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Польша бийлиги Орусия менен Беларустун биргелешкен «Батыш-2025» аскердик машыгууларына байланыштуу Беларус менен болгон чек араны толугу менен жапты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, машыгуулар «аскердик доктрина жагынан өтө агрессивдүү» мүнөзгө ээ болуп, Польша тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп бааланууда. Чек ара менен катар, темир жол аркылуу өтүүчү бардык жүктөр жана каттамдар да убактылуу токтотулду.

"Батыш-2025" машыгуулары 12–16-сентябрда өтүп, ага Орусия менен Беларустан 13 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган. Минск жана Москва бул машыгуулар эч бир тарапка каршы багытталбаганын…

Буга чейин, 2-августта Украина Минскиге эскертүү берип, машыгуу маалында чек арага жакындабоого чакырган. Ошол эле маалда Беларустун аскерлери машыгууларга даярдыктын алкагында батыш чек арасынан артка чыгарылган. Президент Александр Лукашенко мындай чечим Минскиге карата айтылган "Сувалк коридорун жабуу" боюнча дооматтарды жокко чыгаруу максатында кабыл алынганын айткан.

Адистердин баамында, Польшанын чек араны жабуу чечими Батыш менен Орусия-Беларус тандеминин ортосундагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча