Польша Беларус менен чек арасын толугу менен жапты
Польша бийлиги Орусия менен Беларустун биргелешкен «Батыш-2025» аскердик машыгууларына байланыштуу Беларус менен болгон чек араны толугу менен жапты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск өкмөт жыйынында билдирди.
Анын айтымында, машыгуулар «аскердик доктрина жагынан өтө агрессивдүү» мүнөзгө ээ болуп, Польша тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп бааланууда. Чек ара менен катар, темир жол аркылуу өтүүчү бардык жүктөр жана каттамдар да убактылуу токтотулду.
"Батыш-2025" машыгуулары 12–16-сентябрда өтүп, ага Орусия менен Беларустан 13 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган. Минск жана Москва бул машыгуулар эч бир тарапка каршы багытталбаганын…
Буга чейин, 2-августта Украина Минскиге эскертүү берип, машыгуу маалында чек арага жакындабоого чакырган. Ошол эле маалда Беларустун аскерлери машыгууларга даярдыктын алкагында батыш чек арасынан артка чыгарылган. Президент Александр Лукашенко мындай чечим Минскиге карата айтылган "Сувалк коридорун жабуу" боюнча дооматтарды жокко чыгаруу максатында кабыл алынганын айткан.
Адистердин баамында, Польшанын чек араны жабуу чечими Батыш менен Орусия-Беларус тандеминин ортосундагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.