Кибер шылуунчулук: Улуттук банктын атын колдонгон топтун мүчөсү кармалды
Кибералдамчылыкка байланыштуу дагы бир кылмыш фактысы катталып, анын алкагында 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар 2024-жылдын август айында өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, 67 жаштагы жаранды коркутуу жолу менен 600 миң сомдон ашык акчасын берип коюуга мажбурлашкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү деп 23 жаштагы жигит кармалды. Ал кибершылуундар тобунда "активатор" ролун аткарганы аныкталды.
Тагыраагы, шектүү уюлдук байланыш операторлорунун SIM-карталарын өзүнүн же үчүнчү адамдардын атына каттатып, аларды активдештирип, кийин WhatsApp жана башка тиркемелерге байлап, шылуундарга сатып турган. Тергөөдө анын жанынан 700гө жакын алдын ала даярдалган SIM-карта табылган.
Соттун чечими менен шектүү камакка алынып, тергөө иштери уланууда.
ИИМ жарандарды белгисиз номерлерден келген шектүү чалууларга жана өзүн мамлекеттик кызматкер катары тааныштыргандарга ишенбөөгө чакырат.