Жарнама

Кыргызстанда ички дүң өнүм 8 айда 1 триллион сомдон ашты

16.09.25 | 18:05
Кыргызстанда ички дүң өнүм 8 айда 1 триллион сомдон ашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2025-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДП) 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-сентябрда “Ынтымак Ордодо” өткөн аппараттык жыйында билдирди.

Ал жыл башынан бери ИДПнын өсүү темпи 10 пайыздан ашканын белгилеп, бул мамлекеттик саясаттын тууралыгын жана натыйжалуулугун тастыктаганын айтты. ИДПнын реалдуу өсүшү 11 пайызга жетти.

Экономиканын бардык тармактарынын салымы менен төмөнкүдөй өсүштөр байкалды:  

- Курулуш тармагы – 34,8%  

- Тейлөө тармагы – 9,5%  

- Айыл чарбасы – 2,4%  

- Өнөр жайы – 11,6%

Айрыкча фармацевтика тармагында өсүү 2,2 эсеге жетип, тамак-аш өндүрүшү 44,4%, резина жана желим буюмдары менен курулуш материалдарын чыгаруу 32,2%, химиялык продукция 22,8%, текстиль жана тигүү 7,1%, тоо-кен өнөр жайы 15,5% жогорулады.

Ошондой эле, 8 айдын ичинде негизги капиталга тартылган инвестициялардын көлөмү 166 миллиард сомду түзүп, өткөн жылга караганда 20,1% өскөн. Анын 30% же 49,3 миллиард сому республикалык бюджеттен каржыланган, бул да өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көп.

Жыл башынан бери инфляциянын деңгээли 5,1% деңгээлинде кармалды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча