Жарнама

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту

18.09.25 | 09:24
Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда эквадорлук Генесис Росангела Валдезге 2:4 эсебинде утулуп, күмүш медаль жеңип алды.

76 килограммга чейинки салмак ченинде таймашкан Айпери таймашты 1/8 финалдан баштап, түркиялык Элмира Ясиндини 10:0 эсебинде таза жеңип чыккан.

Андан кийин чейрек финалда америкалык Панамерика чемпиону Кэйли Рене Уэлкерди 8:3 менен жеңип, жарым финалда Европанын учурдагы чемпиону украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде утуп, финалга чыккан болчу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча