Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту
18.09.25 | 09:24
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда эквадорлук Генесис Росангела Валдезге 2:4 эсебинде утулуп, күмүш медаль жеңип алды.
76 килограммга чейинки салмак ченинде таймашкан Айпери таймашты 1/8 финалдан баштап, түркиялык Элмира Ясиндини 10:0 эсебинде таза жеңип чыккан.
Андан кийин чейрек финалда америкалык Панамерика чемпиону Кэйли Рене Уэлкерди 8:3 менен жеңип, жарым финалда Европанын учурдагы чемпиону украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде утуп, финалга чыккан болчу.
Редактор
Редактор
Поделиться: