Жарнама

Садыр Жапаров Нью-Йоркко барды (фото)

23.09.25 | 09:12
Садыр Жапаров Нью-Йоркко барды (фото) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 23-сентябрында иш сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы расмий түрдө билдирди.

Президентти Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорттон АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Садыр Жапаров бул сапардын алкагында БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясына катышып, бүгүн өтө турган жалпы дебаттардын биринчи күнүндө сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан уюштурулган “Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык” темасындагы ачык дебатка, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.

Иш сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Алардын арасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болчу жолугушуу да бар.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча