Сокулукта 62 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды
24.09.25 | 17:33
Сокулук районунда 62 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 24-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 29-апрелде 61 жаштагы жаран милицияга кайрылып, шектүү анын Маловодное айылындагы үйүн сатып жиберип, акчаны алып качып кеткенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөөдө жалпы келтирилген зыян 4 миллион 678 миң сомдон ашары аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: