Жарнама

Уран Жузуп уулу кызматтан кетүү чечимин түшүндүрдү: “Үй-бүлөлүк себептерден улам”

25.09.25 | 15:41
Уран Жузуп уулу кызматтан кетүү чечимин түшүндүрдү: “Үй-бүлөлүк себептерден улам” КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Уран Жузуп уулу кызматтан кетүү чечимине байланыштуу биринчи ирет комментарий берди. Ал өз кайрылуусун Instagram баракчасы аркылуу жарыялап, бул кадамды үй-бүлөлүк шарттар менен түшүндүрдү.

“Аз убакыт иштесем да, мени колдогон федерацияга, машыктыруучу кесиптештериме жана жетекчилерге терең ыраазычылык билдирем. Жигиттер Хорватиядагы дүйнө чемпионатында чын дили менен аракет кылышты, тилекке каршы, күткөн жыйынтык болбоду. Бирок мен бул жаш командадан чоң үмүт кылам”, — деди ал.

13–21-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнөлүк чемпиондукта грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан 10 балбан катышкан. Жыйынтыгында Асан Жанышов гана коло медаль утуп, курама команда үчүн жалгыз байге ээси болду.

Бул көрсөткүчтөн кийин, бүгүн, 25-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча курама команданын машыктыруучу курамы толугу менен кызматтан кеткендиги расмий жарыяланды. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча