Жарнама

Бишкекте курулушка байланышкан алдамчылык: 40 жаштагы киши кармалды

26.09.25 | 16:47
Бишкекте курулушка байланышкан алдамчылык: 40 жаштагы киши кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында 40 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган айым милицияга кайрылып, шектүү анын ишенимине кирип, 250 миң сомго курулуш иштерин бүтүрүп берем деп убада бергенин айткан. Бирок акча которулгандан кийин изин жашырып кеткен.

"Жабырлануучу шектүүнүн электрондук капчыгына 1 400 доллар которгондон кийин ал байланышка чыкпай калган", — деп билдиришти милициядан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча