Жарнама

Бишкекте пикир келишпестик кан төгүүгө жана өрткө алып келди: эки жигит бычакталып, батир өрттөлдү

29.09.25 | 11:12
Бишкекте пикир келишпестик кан төгүүгө жана өрткө алып келди: эки жигит бычакталып, батир өрттөлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 29-сентябрга караган түнү Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонундагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде кандуу окуя катталып, андан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, батирде 2006-жылы туулган Б.Г., 2003-жылы туулган Т.Т., 2004-жылы туулган М.Р. жана 2003-жылы туулган З.З. аттуу төрт жигит болгон. Жаштардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, натыйжада 22 жаштагы З.З. учтуу буюм менен эки досторуна – Т.Т. жана М.Р.га бычак сайып жиберген.

Кылмыштын изин жашыруу максатында шектүү батирди өрттөп жиберген. Өрттөн кийин окуя болгон жерге тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары чакырылып, жабыркагандар бел тарабына алган бычак жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү З.З. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда. Милиция окуянын бардык жагдайларын тактап жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча