Жарнама

Садыр Жапаров: “Жаңы шайлоо системасында мандат сатылбайт, талапкерлер өз күчү менен өтөт”

02.10.25 | 14:41
Садыр Жапаров: “Жаңы шайлоо системасында мандат сатылбайт, талапкерлер өз күчү менен өтөт” КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамынын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде айтып берди. Анын белгилешинче, жаңы системада талапкерлер көз карандысыз болуп, ар бири өз күчү менен шайлоого ат салышат.

"Мурдагыдай депутаттык мандат 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Ар бир талапкер өзү үчүн чуркайт", — деди мамлекет башчы.

Анын айтымында, шайлоо округдары Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша 30га бөлүнүп, алар жергиликтүү бийлик жана БШКнын сунушу менен бекитилген.

“Округдарды өз кызыкчылыгына жараша өзгөртүүгө аракет кылган талапкерлер бар, бирок мындай аракеттерге жол берилбейт”, — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Жапаров ар бир округдан үчтөн депутат шайлана турганын, үчүнчү орун гендердик мыйзамга ылайык аялдарга же эркектерге берилерин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча