Садыр Жапаров: “Жаңы шайлоо системасында мандат сатылбайт, талапкерлер өз күчү менен өтөт”
Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамынын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде айтып берди. Анын белгилешинче, жаңы системада талапкерлер көз карандысыз болуп, ар бири өз күчү менен шайлоого ат салышат.
"Мурдагыдай депутаттык мандат 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Ар бир талапкер өзү үчүн чуркайт", — деди мамлекет башчы.
Анын айтымында, шайлоо округдары Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша 30га бөлүнүп, алар жергиликтүү бийлик жана БШКнын сунушу менен бекитилген.
“Округдарды өз кызыкчылыгына жараша өзгөртүүгө аракет кылган талапкерлер бар, бирок мындай аракеттерге жол берилбейт”, — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле Жапаров ар бир округдан үчтөн депутат шайлана турганын, үчүнчү орун гендердик мыйзамга ылайык аялдарга же эркектерге берилерин белгиледи.
Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген.