Жарнама

Бишкекте кызды тээп кеткен жаран кечирим сурап, түшүндүрмө берди

02.10.25 | 15:46
Бишкекте кызды тээп кеткен жаран кечирим сурап, түшүндүрмө берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте өтүп бара жатып эч себепсиз кызды тээп кеткен 30 жаштагы жаран окуя боюнча түшүндүрмө берип, кечирим сураган видеосу социалдык тармактарда тарады.

Анын айтымында, ал кызды өзүнүн карындашы деп ойлоп, тийишип тээп өткөнүн айткан.  

"Мен өз каалоом менен милицияга баратам, мыйзам чегинде жооп берем", — деген жаран видеодо.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адамдын жөн турган кызды тээп өткөн видеосу тарап, кийин ал адам милиция тарабынан кармалганы кабарланган. Окуя Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин жанында болгон.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча