Жарнама

Берлинде ХАМАС уюмунун мүчөсү делген 3 адам кармалды

02.10.25 | 16:17
Берлинде ХАМАС уюмунун мүчөсү делген 3 адам кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Берлинде ХАМАС террористтик уюму менен байланышы бар деп шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Spiegel басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири — 36 жаштагы ливан тектүү Германия жараны, экинчиси — 44 жаштагы сириялык, ал эми үчүнчүсү — 43 жаштагы ливандык. Аларга террорчулук аракеттерди даярдоого байланыштуу айыптар коюлган.

Берлин прокуратурасы билдиргендей, шектүүлөргө жай мезгилинде еврей жана израилдик объекттерге чабуул жасоого даярдык көрүү жана курал-жарак сатып алуу тапшырмасы берилген. Алар "чет өлкөлүк террористтик уюмдун мүчөсү болуу" жана "оор кылмыш даярдоо" беренелери менен күнөөлөнүүдө.

Шектүүлөр терроризмге каршы атайын операция маалында Берлин, Лейпциг жана Түндүк Рейн-Вестфалия аймактарында кармалган. Тергөө учурунда курал-жарак далил катары алынганы белгиленди.

Бул  Германияда ХАМАС мүчөлөрү кармалган биринчи учур эмес. 2023-жылы дагы Берлинде үч адам, Роттердамда бир киши ушул эле уюмга байланыштуу кармалган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча