Берлинде ХАМАС уюмунун мүчөсү делген 3 адам кармалды
Берлинде ХАМАС террористтик уюму менен байланышы бар деп шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Spiegel басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири — 36 жаштагы ливан тектүү Германия жараны, экинчиси — 44 жаштагы сириялык, ал эми үчүнчүсү — 43 жаштагы ливандык. Аларга террорчулук аракеттерди даярдоого байланыштуу айыптар коюлган.
Берлин прокуратурасы билдиргендей, шектүүлөргө жай мезгилинде еврей жана израилдик объекттерге чабуул жасоого даярдык көрүү жана курал-жарак сатып алуу тапшырмасы берилген. Алар "чет өлкөлүк террористтик уюмдун мүчөсү болуу" жана "оор кылмыш даярдоо" беренелери менен күнөөлөнүүдө.
Шектүүлөр терроризмге каршы атайын операция маалында Берлин, Лейпциг жана Түндүк Рейн-Вестфалия аймактарында кармалган. Тергөө учурунда курал-жарак далил катары алынганы белгиленди.
Бул Германияда ХАМАС мүчөлөрү кармалган биринчи учур эмес. 2023-жылы дагы Берлинде үч адам, Роттердамда бир киши ушул эле уюмга байланыштуу кармалган.