Караколдогу мектептеги зомбулук: үч кызматкерге сөгүш берилди
Каракол шаарындагы №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектепте окуучу баланын классташ кызын сабаганы боюнча чыккан окуядан кийин мектеп жетекчилигине чара көрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу мугалимге жана социалдык педагогуна сөгүш жарыяланды. Ошондой эле, 7-класстын окуучуларынын урушун иликтөө үчүн Каракол шаардык билим берүү бөлүмүндө атайын комиссия түзүлдү.
Белгилей кетсек, 28-сентябрда 58 жаштагы жаран милицияга кайрылып, небереси сабак учурунда классташы тарабынан сабалганын билдирген. Окуя 24-сентябрда болгон. Милиция окуучулар орун талашып, урушуп кеткенин аныктаган.
Окуучу баланын классташ кызын сабап жаткан видеосу социалдык тармактарда тарап, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Бала тууралуу өзүн анын апасымын деп тааныштырган аял кайрылуу жасап, чара көрөрүн билдирген.