Жарнама

Ооганстандагы интернеттин өчүшү боюнча талибдер түшүндүрмө беришти

02.10.25 | 16:42
Ооганстандагы интернеттин өчүшү боюнча талибдер түшүндүрмө беришти КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ооганстандын бир катар аймактарында интернет байланышы үч күндөн бери жок болуп, банк ишмердүүлүгүнө, бизнеске, гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана ички-сырткы саякаттарга чоң тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлкөнүн убактылуу өкмөтү интернеттин толук өчүрүлгөнү тууралуу маалыматтарды четке кагып, мүчүлүштүк оптикалык чубалгыларды алмаштыруу менен байланыштуу экенин билдирди. Ошондой эле, айрым аймактарда интернет кайра жанданганы айтылды.

Бул – Талибан өкмөтүнүн интернетке байланыштуу расмий түрдө жасаган алгачкы билдирүүсү болуп калды. Байланыштын үзгүлтүккө учурашы банктар менен сооданын ишин дээрлик токтотуп, Ооганстанды дүйнөлүк коомчулуктан обочодо калтырды.

Мындан сырткары, айрым провинциялар интернеттин өчүрүлүшүн талибдердин лидери Хибатулла Ахундзаданын моралдык ченемдерди сактоо боюнча буйругуна байланыштырышкан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча