Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда аял менен эркек бычакталды
Бишкек шаарындагы Ак-Ордо-3 конушунда 2-октябрда кандуу окуя катталып, 2 адам – бир аял жана бир эркек киши бычакталып каза болду. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя кечки сааттарда болгон. Каза болгондордун бири үй ээси экени, ал эми экинчиси тууганы болушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда окуя боюнча толук маалыматтар такталууда.
Маалыматка ылайык, каза болгон эркектин жубайы кылмыш учурунда балдары менен качып чыгып, аман калган. Учурда ал укук коргоо органдарына көрсөтмө берип жатат.
Азырынча шектүү адам кармала элек. Милиция окуянын чоо-жайын аныктоо иштерин жүргүзүүдө, расмий маалымат жакынкы күндөрү берилери күтүлүүдө.
Тергөө иштери улантылып жатат.