Президент “Солнце в ладошках” кайрымдуулук фондуна алкыш айтты
Президент Садыр Жапаровдун атынан "Солнце в ладошках" үй-бүлөнү, эне жана баланы колдоо коомдук фондуна Алкыш баракчасы тапшырылды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, президент жекшемби күндөрдүн биринде тоого чыккан учурда аталган фонддун ыктыярчылары жаратылышты таштандылардан тазалап жатышканына күбө болгон.
“Бул аракет көңүл сыртында калган жок. Мамлекет башчысы жаратылышты сүйүп, элди да мекенди тазалыкта кармоого, өзгөрүүнү өзүнөн баштоого чакырып келген адам катары мындай демилгени өзгөчө жылуу кабыл алды", — деди Алагөзов.
Ал ошондой эле мындай кайдыгер эмес адамдар — өлкөнүн куч-кубатын жана келечегин түзөрүн белгиледи.
"Солнце в ладошках" фонду ар кандай оор илдеттерге кабылган балдарга жардам берип келет. Ошол эле учурда алар бош убактыларында ишембиликтерди уюштуруп, коомго пайдалуу иш-аракеттерди жүргүзүп келишет.