Ырчы Толгонай Арзыкеева уулдуу болду
08.10.25 | 17:57
Ырчы Толгонай Арзыкеева эне болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында сүйүнчүлөп жазды.
Ырчы айымдын айтымында, ал 3-октябрь күнү уулдуу болгон.
"Кудайымдын каалоосу менен 3-октябрь күнү биз ата-эне болдук. Кудайга чексиз шүгүр…", – деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Толгонай Арзыкеева 2023-жылдын сентябрь айында Атай аттуу жигитке турмушка чыгып, жаңы үй-бүлө курган.
Редактор
Редактор
Поделиться: