Жарнама

Ак-Ордодогу кандуу окуяга шектелип кармалган жигит 2 айга камакта калтырылды

10.10.25 | 09:29
Ак-Ордодогу кандуу окуяга шектелип кармалган жигит 2 айга камакта калтырылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы эки жарандын өлүмүнө шектелип кармалган 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Шектүү 3-декабрга чейин камакта калтырылып, тергөө иштери улантылууда.

Маалыматка ылайык, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта трагедиялуу окуя катталып, эки бир тууган бычакталган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгон. Каза болгондордун үй-бүлөсү оор күндөрдү баштан өткөрүп жатканы айтылууда. Каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Ички иштер министрлиги шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, аны табууга жардам бергендерге сый акы убада кылган болчу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча