"Дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну унутпаңыз". Министрлик айдоочуларга кайрылды
13.10.25 | 10:50
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги узак жолго чыга турган айдоочуларга кайрылып, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Маалыматка ылайык, 13-октябрга карата өлкө аймагындагы ашуулар жана жолдор ачык. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштерин керектүү учурларда жүргүзүп жатышат.
Министрлик 2025–2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата техникаларды даярдоо жана материал топтоо иштерин да активдүү улантууда.
"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз", — деп эскертет министрлик.
Редактор
Редактор
Поделиться: