Жарнама

"Дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну унутпаңыз". Министрлик айдоочуларга кайрылды

13.10.25 | 10:50
"Дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну унутпаңыз". Министрлик айдоочуларга кайрылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги узак жолго чыга турган айдоочуларга кайрылып, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.

Маалыматка ылайык, 13-октябрга карата өлкө аймагындагы ашуулар жана жолдор ачык. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштерин керектүү учурларда жүргүзүп жатышат.

Министрлик 2025–2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата техникаларды даярдоо жана материал топтоо иштерин да активдүү улантууда.

"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз, унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз", — деп эскертет министрлик.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча