Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуя: Шектүү качып кеткен учурда жок кылынды
14.10.25 | 09:27
14-октябрда Чүйдүн Кемин районунда, кылмышты кайра кайталап көрсөтүү учурунда, Ак-Ордо-3төгү эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо маалында каза болду. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.
Мекеменин билдиришинче, шектүү качууга аракет кылып, милиция кызматкерлери кызматтык курал колдонууга мажбур болушкан. Натыйжада И.С. аттуу жаран алган жаракатынан каза болгон.
Бул факт боюнча учурда кызматтык иликтөө башталып, кошумча маалыматтар териштирүүдөн кийин берилет.
Эмне болгон?
- 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3те киши колдуу болуп, эки бир тууган — эркек жана анын эжеси бычакталган. Алар ошол жерде жан беришкен.
- Маркумдардын үй-бүлөсү (аялы жана балдары) качып кетүүгө жетишкен.
- ИИМ шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, маалымат бергендерге сыйлык убадалаган. Бирок соцтармактарда кармалган адам менен сүрөттөгү киши окшош эместиги айтылган.
- Шектүү 9-октябрда эки айга камакка алынган болчу.
Окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Маселе боюнча мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов, президенттик аппараттын өкүлү Дайырбек Орунбеков, жана өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасашты.
Редактор
Редактор
Поделиться: