Жарнама

Кыргызстан боюнча 20 миңден ашык видео камера орнотулат – Президенттин тапшырмасы аткарылууда

15.10.25 | 16:25
Кыргызстан боюнча 20 миңден ашык видео камера орнотулат – Президенттин тапшырмасы аткарылууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, акыркы үч жылдан бери өлкө боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максатында видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жалпы өлкө аймагына 20 миңден ашык видео камера орнотулушу керек. Ошондо гана толук масштабдагы “Коопсуз өлкө” системасы ишке ашып, коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалат.

Учурда орнотулган камералардын саны:

  • Бишкек шаары – 651

  • Баткен облусу – 248

  • Ысык-Көл облусу – 283

  • Жалал-Абад облусу – 205

  • Нарын облусу – 207

  • Ош шаары – 57

  • Ош облусу – 115

  • Талас облусу – 201

  • Чүй облусу – 177

Орунбеков белгилегендей, орнотулуп жаткан камералар — акыркы технологиядагы, адамдын жүзүн таанып, 360 градустагы көрүнүштү камтый ала турган, көп функционалдуу жабдуулар.

“Бишкек шаарында жетиштүү сандагы камералар орнотулду. Учурда башка аймактарда да бул багыттагы иштер уланууда”, — деп жазды ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча