Жарнама

Феликс Кулов: “Өлүм жазасы боюнча мыйзам сөзсүз керек”

16.10.25 | 09:41
Феликс Кулов: “Өлүм жазасы боюнча мыйзам сөзсүз керек” КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов өлкөдө өлүм жазасын кайра киргизүүнү көпчүлүк эл колдоп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда аялдар менен балдарга карата мыкаачылык кылмыштар катталып, бул коомдо терең нааразычылык жараткан.

“Президент элдин үнүн угуп, андан кийин тапшырма берди. Азыр ушундай мыйзам чыкты. Азыр ‘Батыш эмне дейт?’ деген сөз болуп жатат. Эл аралык уюмдар каршы болуп жатканы, тышкы саясатка зыян келтириши мүмкүн экени айтылууда. Бирок менимче, бизге сөзсүз ушундай мыйзам болушу керек”, — деди Кулов.

Белгилей кетсек, өлүм жазасын Баш мыйзамга кайрадан киргизүүнү караган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча