Жарнама

Израил Палестин тарапка 45 адамдын сөөгүн өткөрүп берди

16.10.25 | 12:56
Израил Палестин тарапка 45 адамдын сөөгүн өткөрүп берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Израил бийлиги Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлигине 45 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, келишим башталгандан бери Газа жалпы жонунан 90 адамдын сөөгүн алган. Бирок алар Израилдин түрмөлөрүндө каза болгондорбу же аскердик операция учурунда өлүп, Газадан чыгарылып кеткендерби — азырынча так маалымдала элек.

“Сөөктөр тиешелүү протоколдорго ылайык текшерилип, экспертиза жүргүзүлүп жатат. Жакындарына өткөрүп берүү үчүн документтер даярдалууда”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Макулдашуунун шарттары боюнча, Израил ар бир каза болгон израилдик үчүн 15 палестиналыктын сөөгүн өткөрүүгө милдеттенет. Кечээ ХАМАС төрт израилдиктин сөөгүн өткөрүп берген.

Палестин тарап айрым сөөктөр көмүлгөн жайлар так эместигин белгилеп, бул процесс убакыт талап кыларын билдирүүдө.

Буга чейин АКШ, Египет, Түркия жана Катар мамлекеттери катышкан Египеттеги саммитте Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотуу боюнча макулдашууга жетишилген. Ал эми сентябрь айынын аягында АКШ 20 пункттан турган тынчтык планын сунуштаган. План барымтадагыларды алмашууну жана Газадагы жарандык объектилерди калыбына келтирүүнү камтыйт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча