Жарнама

Президент Садыр Жапаров Борбор Азиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын улуттук коопсуздук кеңешчисин кабыл алды

16.10.25 | 13:20
Президент Садыр Жапаров Борбор Азиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын улуттук коопсуздук кеңешчисин кабыл алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле актуалдуу коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы учурдагы эл аралык чыңалган кырдаалда туруктуу өнүгүүнүн негизги шарты — бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо экенин белгиледи.

Садыр Жапаров терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу трансулуттук тобокелдиктер өлкөлөрдүн саясий туруктуулугуна олуттуу коркунуч жаратарын белгилеп, мындай коркунучтарга каршы күрөшүү биргелешкен аракеттерди талап кыларын баса айтты:

“Мындан улам, трансулуттук мүнөзгө ээ болгон терроризм менен натыйжалуу күрөшүү биргелешкен аракеттер аркылуу гана жүрүшү мүмкүн”, - деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы биргелешкен аракеттердин негизги багыттарын атап өттү. Аларга терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, трансулуттук кылмыштуулук менен баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, киберкоопсуздук боюнча координацияланган жооп кайтаруу, жаштар жана калк арасында агартуу-окутуу программаларын ишке ашыруу кирет.

Өз кезегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары жана Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. Алар “Борбор Азия – Индия” форматындагы диалогго азыр суроо-талап күчөгөнүн белгилешти.

Коопсуздук кеңештеринин катчылары аймактык коопсуздук маселелерин чечүүдө координацияланган ыкма зарыл экенин баса белгилешти.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча