Жарнама

Президенттик администрация Кумарбекке өкүм чыгарган судьянын билдирүүсүнө жооп берди

16.10.25 | 13:59
Президенттик администрация Кумарбекке өкүм чыгарган судьянын билдирүүсүнө жооп берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Айсулуунун өлүмүнө шектелип кармалган Кумарбекке мурдагы кылмышы боюнча өкүм чыгарган соттордун бири Кайсын Абакировдун билдирүүсүнө жооп берди.

 "ЭлТР телеканалы жарыялаган маалыматтан кийин Кумарбек Абдыровдун жазасын жеңилдеткен 3 соттун бири Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн пикирин жарыялады. Анда "резонанс жараткан өлүмдөр 2015-жылга чейин болгон” деп жазган.

Мындай билдирүүсү менен Кумарбектин башка кыздарды өлтүргөн аракеттерине моралдык жоопкерчилигим жок дегендей оюн бөлүшкөн. Мен дагы моралдык жана логикалык ой жүгүртүүм менен бөлүшкүм келет. 2015-жылы жасаган кылмышы боюнча 12 жыл жаза мөөнөтүн алган Кумарбек боюнча сот чечими өзгөрүүсүз калганда, ал 2027-жылы эркиндикке чыкмак.

12 жылдык жаза мөөнөтү 7 жылга кыскаргандан кийин, ал мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. Эркиндикте жүрүп, быйыл 2025-жылы октябрь айында 17 жаштагы Айсулууну өлтүрүп жатат. А балким, убагында соттор анын жазасын өзгөртүп, мөөнөтүн кыскартып салбаганда Айсулуу тирүү калмак беле деген ой келет. Ачылбай калган дагы канча кылмыштары бар? Айсулуудан башка канча кызды зордуктады, канчасын өлтүрдү, аны бир Кудай билет...", - деп жазды ал Facebook баракчасына.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча