Манас шаарынын мэри УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин урушуп, уруп койгонун ырастады
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден токмок жегенин ырасташты. Бул тууралуу Ормоков “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирген.
Анын айтымында, бул окуя өкмөттүн 2 миллиард сом каражатынын айланасында чыккан пикир келишпестиктен улам болгон. Белгилүү болгондой, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун учурунда Манас шаарын өнүктүрүү үчүн 2 миллиард сом бөлүнгөнү айтылган. Бирок шаардык кеңештин депутаттары бул каражатты бир жыл ичинде толук өздөштүрүү мүмкүн эместигин жүйө келтирип, каршы чыгышкан.
“Калаа кеңешинин төрагасы Region телеканалына “бул акчаны аткара албайт” деп айткан. Ал маекти Кыдыршаевич (Ташиев – ред.) көрүптүр. Андан кийин мени чакырып, түшүндүрүүмдү талап кылды. Бизге ага-ини катары катуу айтты, урушуп да, уруп да койду. Бирок биз буга терс карабайбыз, анын жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз”, — деди Ормоков.
Ал мындай мамилени түшүнүү менен кабыл алганын, учурда иш улантылып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 31-августта Сузакка болгон иш сапары маалында Жалал-Абад шаарынын жетекчилигин да “сабаганын” ачык айтып, мындай кадамын иштин жүрүшүнө түрткү берүү максаты менен түшүндүргөн.