Ташкентте жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусунда курула турган жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна расмий старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аэропорт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде курулуп, долбоорго Сауд Аравиясынын Vision Invest, Япониянын Sojitz жана Түштүк Кореянын Incheon International Airport Corporation компаниялары катышат.
Биринчи этабында наркы 2,5 млрд доллар болгон аэровокзал жана аэродром салынат. Толук ишке берилгенден кийин аэропорт жылына 20 млн жүргүнчү жана 129 миң тонна жүк кабыл ала алат.
Мирзиёевдин айтымында, бул долбоор Өзбекстанды ири авиа хабга айлантат. Жаңы аэропорт Сингапур жана Дубай сыяктуу эл аралык деңгээлдеги борборлордун үлгүсүндө курулуп, өлкөгө 27 млрд доллардан ашык киреше алып келери күтүлүүдө.
Мурдагы аэропорт шаар ичинде жайгашкандыктан, кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Жаңы аба майданы Ташкент облусундагы 1300 гектар жерге курулат.