Тажик мушкери кыргыз мушкерине гүл берип, жаңжал чыкты
20.10.25 | 12:31
Казакстанда өткөн “Alash Pride 113” турниринин алдында көз караштар таймашында тажикстандык мушкер Мухаммадризвон Кахоров (“Кипиш” каймана аты менен белгилүү) менен кыргызстандык мушкер Марсель Нурланбек уулу кайым айтышып, кыскача чатакташып кетишти. Бул окуя боюнча видео социалдык тармактарда тарады.
Мушкерлер 68 килограммга чейинки салмак категориясында беттешкен. Жыйынтыгында Марсель Нурланбек уулу атаандашын биринчи раундда жеңип, таза жеңишке жетти.
Көз караштар таймашында “Кипиш” колуна гүл алып чыгып, аны Марселге сунганда, кыргызстандык мушкер бул иш-аракетке олуттуу мамиле кылып, кыскача пикир билдирип, провокацияга алдырган эмес.
https://www.instagram.com/p/DQBLQfLitwm/?igsh=MWhyM3dsaTl0dGVmNw==
Редактор
Редактор
Поделиться: